Акылбек Жапаров Бишкекке башка жактан келген унааларды киргизбөөнү сунуштады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекке башка жактан келген унааларды киргизбөөнү сунуштады.

Ал райондук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда 20-январда өткөн республикалык кеңешмеде Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровго бир нече тапшырма берди.

Ошондой эле транспорт жана байланыш, ички иштер министрликтерине эки жумалык мөөнөттө шаардагы унаалардын санын тактоону тапшырды.

"Бишкектин тургундарынын унааларынын так санын аныктагыла. Бөлөк жактан келген унаалардын баарына шаардын кире беришине "тузактарды" койгула. Азыр биз 1,5 миң автобус алсак, элдин баары шаарга кире бериште унаасын унаа токтотуучу жайга токтотуп коюп, автобус менен Бишкектин ичине кириш керек. Канча киши Бишкекке келем десе, ар бири бирден машина айдап алып келип жатпайбы. Биз ыш боюнча маселени чечкенге мүмкүнчүлүк барбы, чечели да", - деди ал.

Белгилей кетсек, дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексинде ушул күндөрү Бишкек биринчи сапта турат.

Акылбек Жапаров Бишкекке сырттан унаа киргизбөөнү сунуштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Azat-123
2023-01-23 12:48:00
Акылбек акылыңдан тайдың, сени ордуңдан ыргыта турган мезгил келди
+3
jam77
2023-01-23 14:27:00
неге. . . .
0
Мунарбек
2023-01-23 16:44:00
Бишкегиңе барбаймын
0
Antiradikal12
2023-01-24 11:21:00
Ууру, дооругондун эстафетасы сага жеттиби? Бишкек сага эненден калган менчикпи не? Бирин атандан менчик калгандай Кемпирабадды саттын, бирин Бишкекке аймактардан келген унаалар кирбесин деп. Тупой! Эненден калыптырбы сага Бишкек, киргизбей койгудай, доопарас?!
+26
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан