"Ушул жерде отургандар өзүбүздү тазабыз деп сезебиз, бирок эмне иш кылып жатканыңарды өзүңөр билесиңер. Айрыкча жергиликтүү бийлик органдары, урматтуу министрлер. Кесиптештерим менин, эгер кимдир бирөө мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштегиси келбей жатса, эшик ачык. Баргыла да, бизнесиңерди кылып байып, жыргап жашай бергиле. Эч кандай маселе жок, эч ким тоскоол болбойт. Бирок мамлекеттик аткаминер бардар турмушта жашабашы керек. Негизи эле мамлекеттик кызматкер байышы мүмкүн эмес. Аким, губернатор, министр болуп байыйм деген мурунку психологияны алып ыргытыш керек. Эми андай болбойт", - деди Ташиев.
Ошондой эле ал мурда мамлекеттик кызматка акча берип орношкондор көп болгонун кошумчалады.
"Мурда ар бир кызматтын "ставкасы" бар эле, азыр жетекчилердин бир тыйын алуу оюнда дагы жок. Силер деле ошентип иштей бергиле да. Аким, мэр болсоңор эле "каяктан байысам, аялыма машина, балама үй алып берейин" деп жатасыңар, маалыматтар бизде бар. Үй керекпи, өкмөткө кайрылгыла. Азыр президенттин тапшырмасынын негизинде ипотекага берилүүчү үйлөр салынууда. Бардык мамлекеттик кызматкерлерди үй менен камсыздайлы, керек болсо. Жеңилдетилген шарттагы ипотека аркылуу 20-25 жылга 2-4 пайыз менен алгыла. Таза жүргөн жакшы, тигини-муну алып берем деп жатып балээге калып жатасыңар. Этият болгула!" - деди атайын кызматтын башчысы.