Ысык-Көлдө турбазадан өрт чыгып, бир адам каза болду

Ысык-Көлдө турбазадан өрт чыгып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 22-январда Ысык-Көл районунун Кызыл-Өрүк айылына караштуу “Улан” турбазасынын өткөрмө пункту күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Өрт кырсыгы катталган дарекке Балыкчы шаарынын №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери тартылган. Тилсиз жоо саат 18:38де чектөөгө алынып, 19:15те толук өчүрүлгөн.

Ошондой эле өрттүн кесепетинен 1 адам каза болгону, учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталып жатканы кабарланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан