Өлкөдө сасык тумоого чалдыккандар азайды

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар азайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында айтылат.

Маалымдалгандай, 16-23-январга чейин өлкөдө инфекциянын 7 миңден бир аз ашык учуру катталган.

Бул көрсөткүч бир жума мурункуга салыштырмалуу 15 пайызга аз.

Бирок абанын төмөн температурасы иммундук системага таасир этип, адамдын ден соолугуна зыян тийгизиши мүмкүн.

Андыктан жарандар бет кап тагынуу режимин, санитардык-гигиеналык чараларды сактап, эл көп чогулган жерлерге азыраак барышы керек.

Сасык тумоонун жана КРВИнин төмөнкү температуралык шарттарына туруктуулугун эске алуу менен калк арасында ооруга күн сайын мониторинг жүргүзүү улантылууда.

Бул эпидемиологиялык сезондо А (анын ичинде 2 түрү: A (H1N1) жана 09 A (H3N2) жана В сасык тумоосу катталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jam77
2023-01-23 14:44:00
Бул сасык тумоо тез арада жоюлат деп үмүттөнөм. . . .
0
udoqawje
2023-01-25 15:21:00
! ! !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан