Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынан 50 миллионго жакын сумма мамлекеттик казынага толукталды

Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынан 50 миллионго жакын сумма мамлекеттик казынага толукталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын 2022-жылдагы текшерүүлөрдүн жалпы саны 746ны түзгөн.

"Пландуу 309, ал эми пландан тышкары 117 текшерүү жүргөн. Мындан сырткары, 320 контролдук текшерүү болду. Ошондой эле укук коргоо органдары менен биргеликте болгон текшерүүнүн саны 69ду түздү.

Жер жана суу боюнча мыйзам бузуулар үчүн 1 миллион 703 миң сом айып салынып, анын 1 миллион 315 миң сому өндүрүлдү",- деп жазылат маалыматта.

Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготуулары боюнча 46 миллион 825 миң 343 сом айып салынып, 47 миллион 8 миң 741 сом мамлекеттин казынасына төлөнгөнү айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан