Коргоо министри Бактыбек Бекболотов Беларуска барды
Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов Беларусь мамлекетине жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу Беларустун Коргоо министрлиги кабарлайт.
Маалымдалгандай, аталган визит эл аралык аскердик кызматтыштыктын алкагында өтүүдө.
Буга чейин эки өлкөнүн коргоо министрлери телефондон сүйлөшүп, жолугушууга макулдашканы айтылган.