
Бишкек шаарынын айланасында өткөн аптада
(14-19-январь) 5380 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалыматында айтылат.
Билдирмеге ылайык, 675 унаа атайын токтотуучу жайга токтотулду.
Анын ичинен:
- мас абалында унаа башкаргандар - 37;
- унаанын терезелерин караңгылаткандар - 27;
- тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүгү же транспорт каражатын каттоочу документи жок башкарган - 43;
- жөө жүрүүчүнүн жол кыймылынын эрежелерин бузуу - 124;
- мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу - 1146;
- башка бузуулар - 3328;
Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.