Темир Сариев быйылкы жаңы бюджет социалдык багыттагы бюджет болорун билдирди

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 9-декабрдагы кеңейтилген жыйынында “КРнын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, киреше бөлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрү кайрадан такталууда.

Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жарандык коом өкүлдөрү катышып жатат.

Экономика министри Темир Сариев жаңы бюджет социалдык багыттагы бюджет болорун айтты. Мисалы, 2013-жылы бул багытта каралган каражат жалпы каржынын 45 пайызын түзсө, 2014-жылы 52 пайызга жетери болжолдонууда. Жаңы бюджет долбоору кабыл алынганга чейин дагы кошумча каржы булактары караштырылып жаткандыгын билдирди. Ал булактар табылар замат бюджеттин кирше бөлүгүнө кошулуп турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан