Кыргызстанда аттестациядан өткөн 1179 илимдин доктору жана 5 миң 323 илимдин кандидаты бар. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги берген маалыматтта көрсөтүлөт.
Кабарлангандай, буга чейин министрлер кабинетинин жыйынында илимий даража үчүн үстөктөрдү 50 пайызга жогорулатуу чечими кабыл алынган.
2023-жылдын 1-январынан тартып илимий, педагогикалык кызматкерлерге, профессордук-окутуучулук курамга, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлерине негизги иштеген жери боюнча эмгек акысына ар айлык үстөктөр төмөнкүдөй белгиленет:
– илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн – 2700 сом өлчөмүндө;
– илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы үчүн – 1350 сом өлчөмүндө.
"Мындай чечим Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында илимий чөйрөнү жана илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө материалдык колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынган", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин илим докторлоруна – 1800 сом, илимдин кандидаттарына – 900 сом өлчөмүндө кошумча төлөмдөр бергиленген.