Камактагы Теңгиз Бөлтүрүк кат жазып, Кумтөр жабылып калышы мүмкүн экенин эскертти

Жемкорлукка айыпталып камакта жаткан Теңгиз Бөлтүрүк "Кумтөр Голд Компани" ишканасы жана "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу ачык кат жолдоду. Анын жазган катын бүгүн, 23-январда жактоочусу Кайсын Абакиров социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Анда Кумтөр мамлекетке өткөндө сырттан башкарып турган Теңгиз Бөлтүрүк алтын кен 2025-жылы жабылып калышы мүмкүн экенин эскертти.
"Финансылык бузууларга олуттуу айыптап жана андан ары бизге Кумтөр жана холдинг боюнча толук кандуу отчёт берүү мүмкүнчүлүгүн бербестен, ошондой эле E&Y (Эрнст энд Янг) эл аралык аудиторунун 2021-жылдагы "Кумтөр Голд Компанинин" ишинин оң аудитордук отчётун жарыялабай туруп, мени жана башка Кумтөрдүн жетекчилерин камакка алуу коомдо түшүнбөстүктү жана нааразычылыкты жаратууда.
Мунун баары инвестициялык иштеги айкындуулук жаатында жалпысынан өлкөнүн беделине терс таасирин тийгизди жана Центерра Голд менен бүтүмгө - Глобалдык макулдашууга терс таасирин тийгизип жатат, анткени макулдашуунун негизги оюнчусу жана демилгечиси финансылык бузууларга айыпталып жатат. Сот объективдүү, адилеттүү болот жана бардык айыптоолорду жана Кумтөр боюнча кылмыш ишинин материалдарын жоопкерчиликтүү талдайт, ошондой эле ар бир айыпталуучунун жеке жоопкерчилигин аныктайт деп үмүттөнөм.
Эгер азыр Кумтөрдү өнүктүрүүнүн дыкат ойлонулган жана прагматикалык стратегиясын иштеп чыгууну баштабаса, 2025-жылы Кумтөр калдыктарга толуп ишин токтотууга аргасыз болот. Ал эми жети жылдан кийин такталган алтын запастары түгөнөт. Аталган жагдай өлкө жетекчилигинин аброюна катуу сокку урат, себеби президенттин күчү менен гана Кумтөрдү Кыргызстан элинин менчигине кайтарууга жетишкенбиз", - деди Бөлтүрүк.
Ошондой эле ал "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдинги “Кумтөр Голд Компани” ишканасын Сингапурдагы биржага чыгаруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүлгөнүн билдирди.
"Биржада "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын болжолдуу баасы 2024-жылдын аягында 6-7 миллиард доллар болмок. Ишкананын кайсы бир пайыз акциясын сатуу менен казынадагы дефицитти жаап, Жетим-Тоо, ГЭС долбоорлорун баштоого каражат табылмак” - деп белгиледи ал.
Ошондой эле ал учурда Кумтөрдө кадрлардын тартыштыгы олуттуу көйгөй жаратып жатканын белгиледи. Бөлтүрүктүн айтымында, геолог-чалгынчы, геотехник, инженер-изилдөөчү, долбоорлоо инженер жана менеджерлер жетишпей жатат.
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура өткөн жылы август айында "Кумтөр голд компани" ишканасын текшергенден кийин үч кылмыш ишин козгоп, коррупциялык схемадан улам мамлекетке 1 миллиард сом өлчөмүндө зыян келтирилгенин аныктаган. Мындан улам жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк 13-сентябрда кармалып, учурда тергөө абагында отурат.
Ушул жылы 19-январда "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын мурдагы аткаруучу директору Канат Курманов кармалып, камакка алынды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Antiradikal12
2023-01-24 11:25:00
Аферисттин аферист досу......... Жетим Тоодон айлангыла уурулар....... Кумторду талкалап уурдап, эми Жетим Тоого коз артып жатасынарбы эл душмандары?!
+22
Azat-123
2023-01-25 13:13:00
Antiradikal12эй чимкирик, сен келбегин Кыргызстанга
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан