Таласта 23 жаштагы кыз муз тээп бара жатып унаага урунуп каза болду

Таласта жылгаяк тээп келе жаткан 23 жаштагы кыз унаага урунуп каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 21-январь күнү Бакай-Ата районунун Көк-Таш айылындагы муз аянтчасында болгон. Анда баллон менен жылгаяк тээп келаткан кыз Фольскваген Венто үлгүсүндөгү унаага урунган. Тилекке каршы, 1999-жылы туулган Б.кызы.А ооруканага жетпей каза болгон.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кийинчирээк толук маалымат берилерин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Кыял
2023-01-24 05:42:00
Чана тепкиле ' аааааа" деп кыйкырып деп атты эле бир эже. Кырсык каш кабактын ортосунда. Жаны жанната болсун , жаш кыз экен .
0
Antiradikal12
2023-01-24 11:26:00
Чана тепкен жерде унаанын эмне иши бар?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан