Жапаров менен Лукашенко телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 23-январда президент Садыр Жапаров менен Беларустун президенти Александр Лукашенко телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары бири-бирин Кыргызстан менен Беларустун ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен кызуу куттукташты.

"Отуз жылдын ичинде өлкөлөр ортосунда өз ара урматтоонун жана өнөктөштүктүн негизинде түзүлгөн достук мамилелер өнүгүп келе жатканы тууралуу лидерлердин пикири бир чыкты. Эки тараптуу кызматташтыктын бүтүндөй комплекси, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда бара-бара өнүгүп келе жатат", - деп айтылат маалыматта.

Садыр Жапаров кыргыз жана беларус элдеринин достук байланыштары кылымдар бою сыналып, бүгүнкү күндө эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин белгиледи.

Тараптар аймактык интеграциялык бирикмелердин жана эл аралык уюмдардын алкагында эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кыргыз-беларус кызматташтыгын активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан