Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2023 ажылык сапарында зыяратчылар кийүүчү жайкы кемселин (жилет) тигүүгө сынак жарыялады. Бул тууралуу 23-январда муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, арыздар 25-январдан 17-февралга чейин кабыл алынат. Сынак 21-февралда муфтияттын имаратында саат 10:00дө өткөрүлөт.
Талаптары:
- Убактылуу республикалык штабдын (УРШ) төрагасынын атына конкурска катышуу боюнча арызы;
- Конкурска катышуучу жактын иш кагаздарынан (документтеринен) көчүрмөлөр;
- Лицензия (патенттин) көчүрмөсү;
- Салык жана соцфондго атайын төлөмдөр боюнча карызы жоктугун тастыктоочу документ;
- Конкурска катышуучу жактын тигүү ишканалар рыногундагы кеминде үч жылдык ишмердигин тастыктоочу каржы иш кагаздары;
- Реквизиттер;
- Ажылык сапарында ажылар кийүүчү жайкы кемселдин (жилет) эркектер жана аялдар үчүн үлгүсү (конкурска көрсөтүүгө);
- УРШнын мүчөлөрүнө (эркектер жана аялдар үчүн) кийүүчү жайкы кемселдин (жилет) үлгүсү (конкурска көрсөтүүгө).
Уюлдук тел: 0705811523; тел/факс: 0312 48 61 67; э-почта: muftiyat.hajj@mail.ru
Белгилей кетсек, Сауд Арабия быйыл ажылыкка Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлгөн.