Өзгөндө жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жылалды айылында “Саадат эне” бала бакчасы пайдаланууга берилди. Бала бакча 75 орунга ылайыкташканын президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

"Иш-чарага президенттин өкүлү Зиядин Жамалдинов, Өзгөн районунун акими Шабдан Абыкаев жана жергиликтүү тургундар катышты", - деп айтылат маалыматта.

Маалымдалгандай, аталган балдар бакчасында учурда 55 бала тарбияланып жатат.

Курулуш толугу менен республикалык бюджеттен каржыланган. Долбоордун сметалык баасы 30 миллион сомду түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан