Жалал-Абад облусунда 2022-жыл ичинде 21 адам "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунан баш тарткан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, күн мурун эки жаран аталган уюмдан баш тарткан. Алар буга чейинки кадамдары туура эмес болгондугун айтып, жаштарды бул жолго барбоого үндөштү.
"2022-жыл ичинде жүргүзүлгөн профилактикалык иштердин жүрүшүндө 21 жаран каттоодон чыгарылган. Ошондой эле диний экстремизм багытында издөөдө жүргөн бир кылмышкер кармалган", - деп айтылат билдирүүдө.
Укук бузуулар жөнүндө кодекстин бир нече беренелеринин негизинде 1 миң 353 административдик протокол түзүлгөн. Анын натыйжасында республикалык бюджетке 7 миллион 176 миң сом айып пул өндүрүлгөн.
Жалал-Абад облусунун аймагында диний экстремизмге, терроризмге, улуттар аралык араздашууга каршы күрөшүү, чек ара келишпестиктерин болтурбоо максатында жер-жерлерде жалпысынан 847 жолу алдын алуу иштери өткөрүлгөн.