"Журналисттерди коргоо" комитети Азаттыкты жабуу аракетине байланыштуу кыргыз бийлигине кайрылды

Эл аралык "Журналисттерди коргоо" комитети Азаттык медиасын жабуу аракетин токтотуу боюнча кыргыз бийлигине кайрылды. Бул тууралуу аталган комитеттин расмий сайтына жарыяланды.

"Азаттык радиосу Кыргызстандагы эң белгилүү жана кадырлуу маалымат агенттиктеринин катарын толуктайт. Анын ишин токтотуу аракети өлкөдөгү басма сөз эркиндигине кара так болот. Кыргыз бийлиги Азаттык медиасын жабуу боюнча берген арызын чакыртып алышы керек. Ошондой эле агенттиктин веб.сайтын жана тоңдурулган банктык эсептерин ачып, жалпыга маалымдоо каражатын үн чыгарбоого мажбурлаган бардык аракеттерди токтотушу зарыл", - деп билдирген агенттиктин Европа жана Борбордук Азия боюнча координатору Гульноза Саид.

Комитет ошондой эле Кыргызстандын Маданият жана Юстиция министрликтерине кайрылуу жолдоп, бирок жооп болбогонун белгилеген.

Белгилей кетсек, "Журналисттерди коргоо" комитети бүткүл дүйнө боюнча журналисттердин укугун коргоо багытында иш алып барган бийликчил эмес уюм. Штаб-квартирасы Нью-Йорк шаарында жайгашкан мекеме көп жылдан бери куугунтукка кабылган басма сөз кызматкерлери тууралуу маалыматтарды чогултуп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azat-123
2023-01-25 13:10:00
Азаттык жогол Кыргызстандан
-5
Antiradikal12
2023-01-26 09:18:00
Azat-123, озун жогол шакал доопарас шефтерин менен.....
+4
udoqawje
2023-01-25 15:21:00
! ! !
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан