Бишкекте рак ооруларына каршы үч күндүк акция өтөт

25-январдан 27-январга чейин Чүй облусунун айрым медициналык мекемелеринде онкологиялык ооруларга акысыз текшерүү жүрөт. Бул тууралуу Ден соолукту чыңдоо борборунан кабарлашты.

Маалым болгондой, 3 күн ичинде 25 жаштан 60 жашка чейинки аялдар эмчек жана жатын моюнчасынын рагына текшериле алышат.

Аталган медициналык борбор Энергетиктер шаарчасындагы Зеленая көчөсүндөгү 1А үйүндө жайгашкан. Текшерүүлөр түшкү саат 12:00дөн саат 16:00гө чейин уланат.

Бул акция Бүткүл дүйнөлүк рак менен күрөшүү күнүнө карата өткөрүлүүдө. Иш-чаранын негизги максаты онкологиялык оорулардын алдын алуу, дартты эрте аныктоо жана дарылоо болуп саналары айтылат.

Белгилей кетсек, өлкөдө жылына 5 миң 500 кишиде онкологиялык оорунун жаңы учуру аныкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jam77
2023-01-24 14:13:00
Бул иш-чара жардам берет деп үмүттөнөбүз. . . . . .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан