Бүгүнтөн тарта Бишкектин көчөлөрүндө маал-маалы менен жарыктар өчүрүлүп турат

Бүгүнтөн баштап Бишкектин көчөлөрүндөгү электр жарыктары маал-маалы менен өчүрүлүп турат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, январь айындагы чектен ашкан сууктан улам борбор калаада электр энергиясын керектөө жогорулаган. Буга байланыштуу электр энергиясын үнөмдөө жана электр тармагындагы жабдыктардын иштен чыгып калуусун алдын алуу максатында шаар көчөлөрүндөгү жарыктарга маал-маалы менен өчүрүү тартиби киргизилет.

Жарыктар ошондой эле бульварларда, сейил бактарда, велосипед жолдорунда жана жарнак такталарында да өчүрүлүп турат.

Бул чечим жол кыймылындагы унаалардын кырсыкка учурап калуу коркунучун эске алуу менен дыкат ишке ашырыларын белгилейт шаардык мэрия.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан