Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, эртең, 25-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -8 … -13, күндүз -1 … -6;
Талас жергесинде түнкүсүн -14 … -19, күндүз -2 … +3;
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -7 … -12, күндүз -1 … +4;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5 … -10, күндүз 0 … 5;
Нарында түнкүсүн -22 … -27, күндүз -9 … -14;
Бишкек шаарында түнкүсүн -8 … -10, күндүз -1 … -3 градус болот.