Маданият министри Алтынбек Максутов Казакстандын маалымат жана коомду өнүктүрүү министри Дархан Кыдырали менен жолугушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-январда болуп өткөн жолугушууда тараптар маданият, маалымат, кинематография жана жаштар саясаты тармагындагы кызматташууну талкуулашты.
Министр Алтынбек Максутов өз сөзүндө өткөн жыл ичинде тараптардын бир туугандык байланыштарын бекемдеген ири окуялар болгонун жана кыргыз тарап Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы ишенимди арттырууга мындан ары да салым кошууга даяр экенин белгиледи.
Мындан тышкары, Meta Platforms Inc. америкалык трансулуттук холдингинин Казакстанда кеңсесин ачканын эске алуу менен, казак жана кыргыз медиа тармагын Тикток, Фейсбук, Инстаграм жана Гугл сындуу социалдык тармактар менен интеграциялоо маселеси талкууланганы айтылат.
"Дархан Кыдырали Казакстанда кыргыз контентин жайылтууга жана блоггерлер арасында тажрыйба алмашууга даяр экенин белгилеп өттү.
Министр Алтынбек Максутов блогерлер арасында тажрыйба алмашууну министрликтин "Келечек" жаштар платформасын колдонууну сунуштады.
Күн тартибинде кинематография тармагындагы кызматташуу маселеси көтөрүлүп, 2023-жылы 95 жылдыгы белгилене турган залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” чыгармасынын негизинде “Маңкурт” темасын биргелешип телесериал катары тартуу сунушталды", - деп жазылат маалыматта.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо үчүн жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө өз ара даярдыгын билдиришкени кабарланат.