Бишкекте жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган эл аралык форум өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-январда “Чыңгыз Айтматов – кыргыз -казак элинин руханий байлыгы” VII эл аралык форуму өттү. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Казакстан Парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев, Маалымат жана коомдук өнүктүрүү министри Дархан Кыдырали, Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов жана башкалар катышты.
Ошондой эле мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов конокторго жана форумдун катышуучуларына президент Садыр Жапаровдун атынан куттуктоо сөзүн окуп берген.
“Жан дүйнөсү бириккен эгиз элдин орток дөөлөттөрү өтө көп. Эки элдин бир туугандык, боордоштук, кыйбастык мамилелери кылымдарды карытып, Токтогул менен Жамбылдын, Мухтар Ауэзов менен Чыңгыз Айтматовдун чыныгы жан күйөрлүк мамилелери бүгүнкү урпактарыбызга мурас болуп уланып жатат. Эки элдин орток сыймыгына айланган Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы дүйнө жүзү боюнча белгиленип, кайрадан даңазаланат”, - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.
Төрага Маулен Ашимбаев Айтматовдун чыгармалары бүткүл адамзаты үчүн опол тоодой орунга ээ экендигин айтып, өзү залкар жазуучунун чыгармалары менен чоңойгондугун билдиргени кабарланат.