2022-жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан улам талкаланган Лейлек районунун Максат жана Арка айылдарындагы орто мектептери толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдиришти.
Маалымдалгандай, аталган орто мектептерде 23-январдан тарта кадимки шартта окуу башталды.
Максат айылындагы орто мектептин оңдоо иштерине 3 миллион 279 миң 760 сом, Хамза атындагы орто мектепти оңдоого 1 миллион 576 миң 82 сом жумшалды. Оңдоп-түзөө иштери 2022-жылдын 12-декабрында башталган.
Эске салсак, 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстандын куралдуу кол салуусунун кесепетинен 63 адам курман болуп, 198 адам жабыркаган. Ошондой эле турак жайлар, социалдык объектилер талкаланган.