Берлин шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине караштуу Кыргыз-герман техникалык институтунун директору Анипа Усупкожоева менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалыматында айтылат.
Кабарлангандай, жолугушуунун жүрүшүндө институттун Германиянын жогорку окуу жайлары, Берлин техникалык институту менен, анын ичинде Германиянын академиялык алмашуу кызматы (ДААД) аркылуу кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү маселелери каралды.
Ошондой эле 2023-жылы Германиядагы кыргызстандык ДААД-стипендиаттарынын конференциясын Берлинде өткөрүүнүн маанилүү экендиги белгиленди.