Кыргызстанда унааларды милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча мыйзамдын аткарылышы кийинкиге калтырылышы керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков жыйында айтты.
"1-апрелге чейин каттап бүткүлө деп айтып коюш оңой эле. Азыр эле менин коллегам күнүнө 10 миң унааны каттоо керектигин айтты. Бул мүмкүн эмес. Техникалык жабдыктардын дагы буга мүмкүнчүлүгү жетпейт экен. Бүгүн эртең менен бир камсыздандыруу компаниясынын өкүлүнүн интервьюсун угуп келдим, абдан бактылуу сүйлөп жатат.
Кыргызстанда 2 миллион унаа болсо, ошонун ар бири жок дегенде 1600 сомдон 3000 сомго чейин төлөйт экен. Эми элестетип көрүңүздөр, ошол 2 миллионду орто эсеп менен 2000 сомго көбөйткөндө канча акча түшүп жатат?
Экинчиден барсаң эле каттай койбойт экен, паспортуңду, айдоочулук күбөлүгүңдү сурайт экен. Эң кызыгы "Унаанын ээсинен ишеним кат алып кел" дейт экен.
Муну ала турган болсок чоң социалдык чыңалуу болот. Кийинки митинг ошол камсыздандыруу компанияларынын алдында болуп калат.
Унаа кырсыкка кабылса, алуу өтө оор болуп калат. Энеңе бар, атаңа бар деп аягында өзүң күнөөлүү экенсиң деп төлөбөй койсо эч ким эч нерсе кыла албай калат", - деди Нуржигит Кадырбеков.
Кечээ, 24-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында эл өкүлү Тазабек Икрамов унааларды милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча мыйзамдын аткарылышын 2025-жылга жылдырууну сунуштаган.