Депутат Бишкектен Ошко учкан учак бир күндө 20 миң доллар табарын айтты

Учактарды насыяга алып, Кыргызстандын авиациясын өнүктүрүү керек. Бул тууралуу депутат Жеңишбек Токторбаев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

"Учакты нак акчага сатып алыштын кереги жок. Дүйнө өлкөлөрүндө учакты насыяга алышат экен. Учак аябай кирешелүү бизнес. Мен кечээ комитеттин жыйынында айтып бергем, Бишкектен Ошко каттаган бир учак күнүнө 20 миң доллар табат. Ошон үчүн сөзсүз улуттук авиакомпания түзүш керек", - деди Токторбаев.

Жеңишбек Токторбаевдин бул демилгесин депутат Тазабек Икрамов дагы колдоого алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан