Жалпы республикалык тестирлөө жүргүзгөндөргө конкурс жарыяланат

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2025-жылдары жалпы республикалык тестирлөө өткөрүү боюнча көз карандысыз тест кызматын тандоо конкурсун жарыялайт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Маалым болгондой, тестирлөөнүн ыкмаларын колдонуп, билим берүү жаатында көз карандысыз баалоону өткөрүп келген, кеӊири багыттагы тесттерди өткөрүү тажрыйбасы бар, мамлекеттик билим берүү стандартынын жана жалпы билим берүү мектеп программаларынын негизинде ар башка предметтерден ар түрдүү тесттик тапшырмаларды түзүү боюнча тажрыйбасы көп мамлекеттик эмес мекеме өткөрүшү керек.
"Конкурска катышуу үчүн документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү министрликтин расмий сайтында конкурстук тандоону өткөрүү жөнүндөгү маалымат чыккандан кийин 16 календарлык күндө кечки саат 18:00гө чейин.
Дареги: Бишкек шаары, К.Тыныстанов көчөсү, 257, Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан