Аскер прокуратурасы: "Баткендеги окуя боюнча тергөө жүрүп жатат"

2022-жылдын сентябрь айындагы Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө топтору тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Аскер прокуратурасынын Тергөө кызматынын башчысы Акылбек Абдыраев билдирди.

"Шектүүлөрдүн өзүнчө өндүрүшкө алынып, сотко өткөн учурлары бар. Учурда Аскердик прокуратуранын Баткен гарнизону тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат", - деди Абдыраев.

Белгилей кетсек, парламентте “2021-жылдын 16-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун аскерлерин (жамааттык күчтөрдү) биргелешип материалдык-техникалык жактан камсыздоо жана медициналык жактан камсыздоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралууда.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү Тажикстандын куралдуу кол салуусунун кесепетинен 63 Кыргыз жараны каза болуп, 198и түрдүү жаракат алган. Мындан сырткары 200 миңге жакын жаран коопсуз жайга эвакуацияланууга аргасыз болгон.

Ошондой эле турак-жайлар, экономикалык жана социалдык объектилер, турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу объектилер талкаланып, зыянга учураган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан