Коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов өлкөдөгү кайсы саясатчылардын балдары армияда аскердик кызмат өтөгөнүн айтты.
Бүгүн, 25-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов кайсы чиновниктин балдары армияда кызмат өтөгөнүн министрдин орун басарынан сурады.
"Бүгүнкү күндө кайсы депутаттын, министрдин, экс-премьер-министрдин, чоңдордун балдарынан кимдер кайсы жакта аскердик кызмат өтөп жатат? Айтып коё аласызбы?", - деп суроо берди Атазов.
"Бизде кызмат өтөөгө келгенде депутаттын же министрдин баласы деп бөлүнбөйт. Ал эми токтоло кетсем депутат Искендер Матраимовдун баласы кызмат өтөгөн, экс-президент Атамбаевдин баласы кызматын өтөгөн, генерал Камчыбек Ташиевдин баласы кызмат кылган", - деп жооп берди Карасартов.