Майлуу-Сууда таза суу бериле баштады

Майлуу-Сууда ичүүчү таза суу бериле баштады. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Майлуу-Суу шаарына ичүүчү таза суу бүгүн, 25-январдан тарта штаттык негизде бериле баштады.
15 чакырым аралыкта суу түтүкчөлөрү ӨКМнын өздүк курамы жана шаар сууканал ишканасынын кызматкерлеринин жардамы менен эритилди.
Учурда Майлуу-Суу шаарына киргизилген өзгөчө кырдаал режимин жоюу максатында дыкат иш алып барылууда.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын 12-январында катуу сууктун айынан Майлуу-Суу шаарындагы калкты таза суу менен камсыз кылуучу сууканалынын түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Мындан улам 13-январда Майлуу-Суу шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jam77
2023-01-25 15:57:00
анткени кыш...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан