Баткен облусунун Лейлек районунда жарандарга коопсуздук үчүн дүкөндөргө видеокамераларды орнотуу сунушталды. Бул тууралуу маалыматты облустук милициядан таратышты.
Кабарга ылайык, Лейлек РИИБинин милиция кызматкерлери Тогуз-Булак айыл аймагынын Кара-Булак айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
"Анда кылмыштуулукту алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө максатында жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле аталган айыл аймакта жайгашкан дүкөндөрдү кыдырышып, сатуучулар менен дагы жолугушуулар өткөрүлдү.
6 дүкөндүн ээлерине эскертүү актылары толтурулуп, дүкөндөргө видеокамераларды орнотууну сунушташты. Дүкөндөргө видеокамераларды орнотуу менен кылмыштардын бетин ачууга жана окуяларды алдын алууга мүмкүнчүлүк болорун түшүндүрүштү", - дешти Баткен ОИИБинен.