Айза Улан кызынын өлүмүнө себепкер болгон шектүүнүн айткандары, аны үй камагына чыгарган судья Айзада Исаева келтирген жүйөлөргө таптакыр дал келбейт. Бул тууралуу жабырлануучу тараптын жактоочусу Клара Касымалиева маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында шектүү үй камагына бөйрөк оорусу менен жабыркап, гемодиализ аппаратына муктаждыгы бар деген негизде чыгарылган. Ал эми ал өзү кечээги отурумда гемодиализ албай турганын билдирген.
"Судья Айзада Исаева шектүүнү өнөкөт бөйрөк оорусу менен жабыркаганын жана гемодиализ алып жүргөнүн айтып, үй камагына чыгарган. Шектүү өзү кечээги соттук отурумда 2016-жылы бөйрөгүн алмаштыргандан бери эч кандай гемодиализ албай турганын моюндады. Саламаттыкты сактоо министрлиги да гемодиализ алгандардын каттоосунда У.Н аттуу ысым жок экендигин документ түрүндө тастыктады", - деди ал.
Жактоочу ошондой эле шектүүнүн ооруганын тастыктаган маалым каттардын бардыгы эски жана мөөрү жок болуп чыкканын кошумчалады.
"Шектүүнүн бөйрөк оорусу менен жабыркаганын тастыктаган маалым каттарда так күнү көрсөтүлгөн эмес. Соттук иштерде мамлекеттик каттоо кызматынан ар сайын жаңыланып турган маалым каттар талап кылынат. Ал эми шектүү бизге эски маалым каттарды көрсөтүүдө. Алардын эң эле жаңысы 2020-жылы берилген. Анда да герб менен коюлган мөөрү жок. Болгону дарыгердин гана мөөрү коюлган".
Эске салсак, 24 жаштагы Айза Улан кызын 9-январь күнү шаардагы көчөлөрдүн биринде унаа сүзүп кетип жеринде каза тапкан. Кылмышка шектүү окуя болгон жерден из жашырып, 3 күндөн кийин кармалып, мурдагы милиция кызматкери экендиги тастыкталган. 17-январда иш Свердлов райондук сотунда каралып, айыпталуучу бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркайт деген негизде үй камагына чыгарылган. Бул чечим жабырлануучу тараптын нааразычылыгын жаратып, президентке жана акыйкатчыга кайрылышкан.