Бишкекте "Империя пиццы" кафесинин күзөтчүсү кызды сабап салды

Бишкекте "Империя пиццы" кафесинин күзөтчүсү кызды ур-токмокко алган. Жабырлануучу окуя 21-январдан 22сине караган түнү болгонун айтып, Октябрь райондук милициясына арыз менен кайрылган.

Милициядан SUPER.KG порталына М аттуу кыздын арызы каттоого алынганын билдиришти.

Мындан сырткары аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталып, бардык керектүү экспертизалар дайындалганын кошумчалашты.

Эскерте кетсек, буга чейин М аттуу кыз "Империя пиццы" кафесинин күзөтчүсү тарабынан сабалганын айтып чыккан. Ал официант кыз эсеп кагазын алып келбей, сумманы айтып койгонун, администраторду чакырууну айтканда, күзөтчүнү айтып келгенин билдирген. Ошондо күзөтчү аны сөгүп, чачынан сүйрөп сабап салганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ekb92
2023-01-25 18:04:00
Туурасын айтса жакшы болмок экен, охранник да просто так урбастыр, асмандан келип бирдемелерди сасыганда ошого жинденген...
0
Агата Кристи
2023-01-25 18:56:00
ушундай сасык кыздар заява жазып мени зордуктады, урду дегендер бут тунку кополоктор. Бир сойку чалыш кыз байкем менен жата калып эртеси милицияга арыз жазган мени зордуктады деп, корсо ошондой кополоктор менен иш алпарышат тура. кызга отуз мин милицияларга 100 берип басканбыз. Кыздар не мынча бетинер жок болот, алакандай жеринер менен арам иш кылмак тугул башкасын да кылып жибердинер го. Силерге уйлонгон эркектерге жалко просто!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан