Сүлүктүнүн тургуну Салык кызматынын лотереясынан батир утуп алды

Бүгүн, 25-январда Мамлекеттик салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын үчүнчү утушунун жеңүүчүлөрүнө байгелер тапшырылды. Маалыматты мекемеден кабарлашты.

Белгилей кетсек, лотерея 2022-жылдын 30-декабрында өткөрүлгөн болчу. Анда өлкөнүн бардык аймактарынан 52 адам утушка болду.

Башкы байге – Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батирди Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын тургуну Каныбек кызы Чынара утуп алды. Ал топтогон 106 билеттин бири утушка ээ болгон.

Honda электромобили Дана Өмүрзаковага, ал эми Neta V электромобили Таалайбек Эйсага буюрду, экөө тең Чүй облусунун тургуну.

Дагы 12 адам iPhone 13, 11 адам Samsung смартфондорунун ээлери болушту. Ошондой эле 6 микротолкундуу меш, 5 чаң соргуч, 5 телевизор, 5 муздаткыч жана 5 кир жуугуч машина өз ээлерине тапшырылды.

Эскерте кетсек, утушка 18 миллион 844 миң 542 билет менен 176 миң 896 адам катышты. Жеңүүчүлөр сандарды туш келди тандоо ыкмасы (рандом) менен аныкталды.

Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, мамлекеттик лотереянын жеңүүчүлөрү утуп алган байгелери үчүн салык төлөөдөн бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан