Президентке караштуу улуттук инвестиция агенттигинин директору Умбриэль Темиралиев Германиянын экономикасынын Чыгыш комитетинин аткаруучу директору жана германиялык ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуу 23-январда Кыргызстандын Германиядагы элчисинин катышуусунда болуп өткөн.
"Анда Темиралиев немис компанияларына энергетика, айыл чарба, туризм, IT индустрия, медицина жана инфраструктураны өнүктүрүү, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлордун жана аларды ишке ашыруу механизмдин презентациясы менен тааныштырды" деп айтылат ТИМдин маалыматында.
Ошондой эле Кыргызстандын инвестициялык потенциалы тууралуу маалымат берген.
Жолугушууга Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар төмөнкү компаниялардын өкүлдөрү катышты: «Claas» (айыл чарба техникасынын негизги өндүрүүчүсү), «Deutsche Bahn» (Германиянын темир жолу), «Berlin Economics», «Messe Berlin», «Agribusiness Alliance» (айыл чарба жана тамак-аш өнөр жай компанияларынын ассоциациясы) жана «Malcon Investment&Projects».