Кыргызстанда өткөн жылы жумушка орношкон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны 13,4 пайызга өстү. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жумушчу кеңешмеде айтты.
"Дагы 300дөн ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар акы төлөнүүчү убактылуу коомдук жумуштарга орношкон. Бир жылдын ичинде биз 15 миңден ашуун жумушсуз жана жакыр жарандарды коомдук жумуштарга тарттык. 10 миңден ашуун адам ар кандай курстарда кесиптик даярдыктан өтүштү, бул аларга жумуш табууга мүмкүндүк берди", - деди ал.
Белгиленгендей, ишке орноштуруу жана жумуштуулук боюнча ар кандай активдүү чаралардын натыйжасында республика боюнча расмий жумушсуздуктун деңгээли 0,1 пайызга төмөндөп, 2,9 пайызды түздү.
Иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 0,5 пайызга, ал эми катталган жумушсуздардын саны 1,7 пайызга азайганы байкалары маалымдалды.