2022-жылы 12 миң кыргызстандык чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношту. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Эмгек жана иш менен камсыз кылуу боюнча жумушчу кеңешмеде билдирди.
Анын айтымында, алардын үчтөн бирин аялдар түзөт. Дагы 66,3 миң адам жумушка орношуу боюнча консультация алышкан.
"Бүгүнкү күндө кыргызстандыктар дүйнөнүн 23 өлкөсүндө мыйзамдуу түрдө ишке орношо алышат. Министрликтин линиясы боюнча Улуу Британия, Түштүк Корея, Германия, Япония менен жумуш орундарын камсыз кылуу боюнча келишимдер түзүлүп, Болгария, Финляндия менен келишимдер даярдалууда. Ошол эле учурда иш менен камсыз кылуу боюнча 142 жеке агенттик, алардын ишмердүүлүгүн Эмгек министрлиги көзөмөлдөйт, дүйнөнүн 23 өлкөсүндө ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтөт", - деди министр.