Саясий репрессиялардын курмандыктарын актоого багытталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт

Эртең, 27-январда саат 10:00дө Жогорку Кеңештин жыйындар залында саясий репрессиялардын курмандыктарын актоого багытталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлады.

"Аталган мыйзам долбоору 1918-1953-жылдары саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган жарандардын укугу, башкача айтканда, саясий репрессиялардын курмандыктарын актоого багытталган.

Сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорунун кабыл алынышы 1918-1953-жылдардагы окуялар боюнча тарыхый адилеттүүлүктү бекемдөөгө, “кызыл террор” жана сталиндик репрессия жылдарында укукка жат массалык репрессияларга дуушарланган Кыргызстандын көптөгөн жарандарынын жакшы ысымын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Демилгечи депутаттар Жанар Акаев, Мирлан Самыйкожо, Чолпон Султанбекова жана Нурланбек Шакиев экендиги кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан