Берлинде Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Азербайжандын Германиядагы элчиси Насими Агаев менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалыматында айтылат.
"Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Азербайжандын Германия менен болгон азыркы эки тараптуу кызматташтыгы жана эки тараптуу мамилелерди мындан ары тереңдетүү пландары боюнча ой бөлүштү", - деп айтылат билдирүүдө.
Маалымдалгандай, дипломатиялык мекемелердин жетекчилери өз ара аракеттенүү жана өз ара кызыкчылык туудурган маселелерди биргелешип алдыга жылдыруу максатында тыгыз байланышта болууну макулдашты.
Мындан тышкары, Кыргызстан менен Азербайжандын эл аралык уюмдардын, анын ичинде Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагындагы кызматташуусу боюнча пикир алышты. Буга байланыштуу тараптар Борбор Азия жана түрк тилдүү мамлекеттердин өкүлдөрүнүн катышуусунда биргелешкен иш-чара уюштуруу боюнча бир пикирге келишти.