Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин коммуникация факультетинин 1-курсунда 65 жаштагы Тахир Йылмаз билим алууда.
Билим алуу жаш менен чектелбестигин айткан ал SUPER.KG порталына студенттик мезгилин баяндап айтып берди.
Ал 2020-жылы жубайынын жумушуна байланыштуу Кыргызстанга үй-бүлөсү менен келген.
"Ата-бабаларымдын мекени Орто Азия болгону үчүн Кыргызстанга келүүнү аябай каалачумун. Кудайым буйруп, үй-бүлөбүз менен келип калдык. Эки кызым бар. Жубайым да бул жакта түрк тилинен мугалим болуп иштейт. Өзүм иштебесем да жубайыма үй иштеринде ар дайым жардам көрсөтөм.
Кыргыз тилин үйрөнүүнү абдан каалачумун. Түркиядагы экзаменден өтүп, 2021-жылы "Манас" университетине тапшырдым. Ал жактан даярдоо курсунда 1 жыл кыргызча үйрөндүм. Аны менен катар университеттин "Кел, түркчө сүйлөшөбүз" клубунда студенттерге бекер практикалык сабактарды бердим. Быйыл коммуникация факультетинин коом менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн 1-курсунда бюджеттик негизде окуп жатам", - дейт Йылмаз.
Ал дайыма тапшырмаларды өз убагында аткарып, сабакты кызыгуу менен үзгүлтүксүз окуп жатканын айтты.
"Мен ар дайым окуу жайга эрте келүүгө аракет кылам. Тапшырмаларды өз убагында аткарып, сабакта дайыма конспект жазам. Эч кандай кыйынчылык болгон жок", - дейт ал.
Окуу жайда жүргөндө анын студент экенине дээрлик бардыгы ишене беришпейт. Аны студенттер окутуучу катары көрүшүп, "агай" деп кайрылгандары да бар.
Тахир Йылмаз билим алуу жаш менен чектелбестигин айтып, университетти аяктаган соң окуган тармагында иштөө ниети бар экенин билдирди.
"Билимдин, окуунун эч кандай жашы жок. Азыркы максатым да башкаларга окуунун жашы болбогонун, билим ар дайым керек экенин жеткиргим, далилдегим келет. Бул максатыма акырындан жетип жатам деген ишеничтемин. Кудайым жаш берсе, 70 жашымда окуп жаткан тармагым боюнча иштеп калат экенмин", - деди ал.
Ошондой эле каарманыбыз Кыргызстандын меймандос элине жана табиятына суктанып, өзгөчөлүктөрүн айтып өттү.
"Буга чейин Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө болгом. Кыргызстан алардын ичинен меймандос эли менен айырмаланат. Жаштардын кайрымдуулугу, улууларга урмат көрсөтүүсү мыкты деңгээлде. Айрыкча, коомдук транспортто жаштардын баары карыларга орун беришет экен, мындай сыйлоо көп өлкөлөрдө жок.
Буга чейин унаалардын жөө жүргүнчүлөргө жол берүүсүн Швецариядан гана көрүп келсем, бул жактан да мындай көрүнүштү көрүү мени кубандырды. Кыргызстан да айрым өлкөлөрдөн технология жагынан алдыда. Бул жактан төрт мезгилди бирдей көрүүгө болот. Табигый сулуулуктар укмуштуудай. Музейлер, балет жана театр залдары да сонун. Бул жак менин экинчи үйүм болуп калды", - дейт ал.