Бишкектеги мектептерде экинчи нөөмөттө билим алган окуучулар эки күнгө онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, онлайн окутуу бүгүн, 26-январда жана 27-январь күндөрү болот. Анткени бул күндөрү саат 14:00дөн баштап айрым жолдор жарым-жартылай тосулат.
"Мындан улам окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана балдардын караңгыда калып калышына жол бербөө максатында экинчи нөөмөттөгү сабактар онлайн окутуу форматында өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Окуучулар кийинки жуманын башынан тарта кадимки окуу режимине кайтып келишет.
Белгилей кетсек, 26-27-январда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев баштаган делегация мамлекеттик сапар менен Бишкекте болот. Буга байланыштуу жолдорго убактылуу чектөө киргизилет.