Депутат: "Караколдогу лыжа базада январь айындагы каникулда 67 адам жаракат алган"

Ысык-Көл облусундагы "Каракол" тоо-лыжа базасында эс алуучулар жаракат алып калган учурда аларды кабыл ала турган бир дагы медициналык пункт жок. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, январь айынын башындагы 10 күндүк каникулдагы эс алуу учурунда 67 адам ар түрдүү жаракат алган. Бирок лыжа базасынын өзүндө медициналык пункт жок болгондугуна байланыштуу 2 сааттык жол басып, алыскы жактарга барууга мажбур болушкан.

"Баарыңыздар билгендей бүткүл КМШ өлкөлөрүнө белгилүү болгон "Каракол" лыжа базабыз бар. Ал жакка бизден эле эмес, кошуна мамлекеттерден да көптөгөн эс алуучулар келип жүрүшөт. Ошол жерде январь айынын башындагы 10 күндүк каникулда 67 адам жаракат алган экен. Ак-Суу районунда өзү 3 гана тез жардам унаасы бар. Караколдо да бир-экөө гана, жетишпейт. Лыжа базасынын өзүндө да кырсыктаган жарандарды кабыл алчу медициналык пункт жок экен. Алар өздөрүнүн унаасы менен же такси жалдап ооруканага баргыча 2 саат убакыт өтөт экен", - деди Акылбек Түмөнбаев.

Ал ошондой эле бул маселени лыжа базасына ээлик кылган компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тез арада чечүүнү сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан