Кечээ, 25-январда АКШ президенти Жо Байден Киевди аскерий колдоого арналган атайын кайрылуусунда АКШ Украинага "M1 Abrams" танктарын бере турганын жарыялады.
Байден танктардын Украинага жеткирилиши убакытты талап кыларын, бирок америкалыктар жакында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн экипаждарын машыктыра баштаарын айтты. Анын айтымында, Киевге танктар "контр-чабуул операциялары үчүн" керек. Ошол эле учурда Ак үйдүн башчысы мунун баары Орусия үчүн “чабуул коркунучун” жаратпайт деп ырастады.
"M1 Abrams" танктары тууралуу эмнелер белгилүү?
Бул өтө оор танк. Анын салмагы 68 тоннага жетет (салыштыруу үчүн, Т-90 танкы 48 тонна, Leopard танкы 55ке жакын). "M1 Abrams" танкы башка танктарга караганда өтө мыкты корголгон.
Ошондой эле орусиялык эксперттер "M1 Abrams" танкынын курал-жарактарды тешип өтүүчү снаряддары СССРде иштелип чыккан Т-90 танкынан кыйла натыйжалуу экенин моюнга алышкан.
Бирок M1 Abrams" танкы башка танктарга караганда алыс аралыкка жүрө албайт жана күйүүчү май керектөө жагынан үнөмдүү эмес.
"M1 Abrams" танкы 1980-жылдан бери кызмат кылып келет. Америка Кошмо Штаттары учурда мындай танктан 2600гө жакынын колдонот, дагы 3500дөй танк кампада бар. Америкалыктар бул танк ар кандай шарттарда өзүн жакшы көрсөткөнүн кошумчалашкан.
АКШ аскердик жардамдын алкагында "M1 Abrams" танкынан Украинага 31 даана берет. Алар мындай көлөмдөгү аскердик техниканын баасын 400 миллион долларга баалашкан.