Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Нуртазин Жетибаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, Жетибаев аталган кызматка 2022-жылдын 21-июнунда дайындалган. Ал агенттикти жети ай башкарды.
Ал эми агенттиктин жаңы директору болуп Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркулович дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Мырзабек Жапаркулов 45 жашта. Ал буга чейин Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жетекчиси болгон. Мындан сырткары Бишкек шаардык мэриясынын жана президенттин Таластагы өкүлчүлүгүнүн аппарт жетекчиси кызматтарын аркалаган.