2022-жылы Кыргызстанга Өзбекстандан 3 миллион турист келген. Бул тууралуу “Кыргызстан – Өзбекстан” бизнес форумунун ачылышында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Ошол эле учурда Өзбекстандын кооз жерлерге бай шаарларына уюштурулган турларга барган кыргызстандыктардын саны да көбөйгөнүн кошумчалады.
Жапаров мындай кадамдардын арты менен эки тараптуу мамиле дагы да тереңдейт деген ишеничин айтты.
Белгилей кетсек, “Кыргызстан – Өзбекстан” форуму Шавкат Мирзийоевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында өтүп жатат.