Бишкекте таштандыларды иргөөчү экинчи пункт иштей баштады

Бишкек шаарында таштандыларды иргөөчү экинчи пункт иштей баштады. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, пилоттук долбоордун алкагында Биринчи май районунун аймагындагы Керимбеков көчөсүн бойлой "Бишкек парк" соода борборунун жанындагы катуу таштандыларды иргөөчү экинчи пункт иштей баштады.

Улуттук жана эл аралык стандарттарды, санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен таштандыларды биринчи иргөө үчүн атайын эко-пункт курулганы айтылат.

"Анда евроконтейнерлер, видеокөзөмөл камералары орнотулган.Таштандыны иргөө үчүн иш бөлмө курулуп, суу, канализация жана электр энергиясы менен камсыздалды.

Контейнерлерди жаан-чачындан коргоо үчүн атайын бөлүнгөн жердин үстү тосулган. Аларды орнотууда жакынкы үйлөрдүн калкы да эске алынган", - деп жазылат маалыматта.

Долбоордун максаты:
1. Жарандардын маданиятын калыптандыруу жана экологиялык аң-сезимди өнүктүрүү;
2. Экологиялык абалды жакшыртуу жана ден соолукту сактоо;
3. Жеке компанияларды тартуу жана шаардын киреше бөлүгүн көбөйтүү.
Мындай аянтчаларды ачуу башка райондордо да уланып жатканы кабарланат.
Белгилей кетсек, аталган долбоор инвесторлордун эсебинен ишке ашырылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан