"Самандай сапырылган акчалар". Акчанын күчү суудан арзан болгон өлкөлөр тууралуу билесизби?

Дүйнөнүн 193 мамлекетинде доллар, евро, юань, сом сыяктуу 160ка жакын улуттук акча бирдиги колдонулат. Алардын ичинен айрымдары дүйнөлүк базарда чоң күчкө ээ болсо, айрым өлкөлөрдө самандай сапырылган наркы төмөн валюталар да бар. Бул жолу планетадагы эң төмөнкү же эң барксыз 5 акча бирдиги тууралуу кеп кылабыз.

*****

1. Иран риалы

1 сом = 490 риал

1 доллар = 42 миң 200 риал

Иран риалы дүйнөдөгү эң барксыз акча бирдиги болуп эсептелет. Валюта 1979-жылдагы Ислам революциясынан кийин күчүн жогото баштаган. Андагы олку-солку кырдаал көптөгөн ишкерлердин Ирандан чыгып кетишине себеп болгон. Кийин Иран-Ирак согушу, Ирандын өзөктүк курал программасына каршы батыштын жарыялаган санкциялары жана өлкө бийлигинин чет элдик валюта менен соода жүгүртүүгө тыюу салышы Ирандын экономикасына эбегейсиз терс таасирин тийгизип, улуттук валютанын күчүн 400 пайызга чейин төмөн түшүргөн. Батыштын санкцияларынан улам өлкө жылдык кирешенин 69 пайызын түзгөн нефтисин чет жакка экспорт кыла албай калган. Бул нерсе 2020-жылы эң бийик чекке жетип, Иран өкмөтү "туман" аталышындагы жаңы акча бирдигин кабыл алган. Ал риалга салыштырмалуу күчкө ээ, тактап айтканда 1 туман 10 000 эски риалга барабар эле.

Иранда эки адам 100 туманга, же 1 миллион риалга орточо бир ресторандан тамактанып чыкса болот. 1 литр сүт 50 миң риал турат. Ошондой эле бул акчага 10 жумуртка сатып ала аласыз. Ал эми кинотеатрга бир билет алуу үчүн кассирге самандай эле 150 миң риалды санап берүүгө туура келет.

*****

2. Вьетнам донгу

1 сом = 272 донг

1 доллар = 23 миң 467 донг

Вьетнамдын акыркы жылдардагы борборлоштурулган экономикадан базар экономикасына өтүү аракети өлкөнүн дүйнөлүк базардагы абалын кыйла оорлоштуруп жиберди. Ушул себептүү алардын улуттук валютасы да иш жүзүндө бир топ күчүн жоготту. Анткен менен экономикалык эксперттер өлкө бийлиги туура жолду тандаганын айтып, жакынкы убактарда улуттук акча бирдиги өз күчүн калыбына келтирет деп ишенип келишет.

Кызыктуу маалымат катары айтса кетсек, бул өлкөдө 1 литр бензин куям десеңиз 25 миң донг санап бересиз. Бирок албетте 1 литр менен узакка бара албайсыз да. Жок эле дегенде 10 литр бензин алыш үчүн 250 миң донг беришке туура келет. Нөлү көп сандар көздү коркутат, бирок кыргыз акчасына которо келгенде 250 миң донг 917 эле сом болот.

*****

3. Лаос кипи

1 сом = 191 кип

1 доллар = 16 миң 860 кип

Лаос кипи кайсы бир фактордун таасиринен улам күчүн жоготкон эмес. Валюта 1952-жылы алгач жүгүртүүгө чыкканда эле башка валюталарга каршы алсыз болуп чыккан. Бирок төмөн болсо да өзүнүн баштапкы күчүн ушуга чейин кармап келет жана жылдан жылга жакшырып бара жатканы айтылат.

Лаосто тутамдаган акча кармагандардын арасынан "баймын" деп манчыркангандарды анчейин көрө бербейсиз. Анткени бизге көп көрүнгөнү менен капчыктагы 20 миң кип 2 нан ала келгенде эле түгөнөт.

*****

4. Индонезия рупийи

1 сом = 173 рупий

1 доллар = 14 миң 986 рупий

Индонезия экономикалык жактан Түштүк Чыгыш Азиядагы өнүккөн мамлекеттердин катарын толуктайт. Бирок бул өлкөнүн валютасынын наркы кыйла төмөндө. Көзөмөлдөөчү органдар улуттук акча бирдигинин күчүн бекемдөө үчүн көп жылдан бери түрдүү чараларды ишке ашырып жатканы менен жакшы жыйынтык чыкпай келет.

*****

5. Өзбек суму

1 сом = 131 сум

1 доллар = 11 миң 341 сум

Коңшу Өзбекстандын улуттук акча бирдиги "сум" постсоветтик мамлекеттердин ичиндеги эң барксыз валюта болуп саналат. Бул өлкөдөгү акча банкноттору 1 тыйындан баштап 200 миң сумдук купюрага чейин жетет. Андыктан соодалашууда математиканы өтө жакшы билишиңиз абзел. Мисалга, жумуштан үйгө келе жатып 2250 сумга 1 нан, 1100 сумга 1 килограмм картөшкө, 2500 сумга 1 литр айран, 12 миң сумга 1 литр кола алайын десеңиз эле жүрөктү "шуу" дедирген сумма чыга келет. Ал аз келгенсип 1700 сум төлөп, автобус же маршрутка менен үйгө келесиз. Анткен менен бул жакта орточо айлык маяна 3 миллион 721 миң сум же биздин акча менен 28 миң сомду түзөт. Өзбекстанга барганда сумдун ордуна адашып сом менен төлөп албаңыз деп тамаша иретинде айта кетели.

*****

Сөзүбүздүн аягында кыргыз сому тууралуу да учкай кеп кылып кетпесек болбос. Кыргыз сому КМШ мамлекеттеринин ичинде туруктуу валюталардын катарына кирет. Улуттук валютанын күчүн эң көп соода-сатык иштери жүргүзүлгөн АКШ долларына карата өлчөй турган болсок, учурда 1 АКШ доллары 86,05 сомго барабар. Ал эми сомдун эң күчтү мезгили 2008-жылы 12-январда катталган. Анда 1 доллар 33,8 сомго бааланган эле. Ошондой эле 2022-жылдын 15-мартында 1 долларга 105 сом туура келип, рекорддук чекке чейин төмөн түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jyrgal86
2023-01-30 22:05:00
Баардык жерди акча башкарат
0
Sancho-
2023-02-01 01:37:00
Акчан болсо танкасын. Акчан жокто манкасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан