Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык медианын” жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылды. Ага ылайык, сот отуруму 9-февраль күнү саат 9:30да башталары маалым болду.
Министрликтин бул аракетине депутаттардын пикири кандай экенин сурап көрдүк.
Нуржигит Кадырбеков: "Конституцияга ылайык, биз сөз эркиндиги бар өлкөбүз. Ошол үчүн аша чаап, шашылбаш керек. Анчалык эмне кылып койду? Биз демократия, сөз эркиндиги дегендерди баалаган мамлекетпиз. Мен бул акцияны колдобойт элем".
Эльвира Сурабалдиева: "Дегеле жалпыга маалымдоо каражаттарын жабууга каршымын. Бакиевдин учурунда бийликчил ЖМКлар оппозоциялык саясатчылардан интервью алчу эмес. Бул 30 жылдан бери келаткан саясат. Азыркы бийликтегилер, алардын жакындары кыйын убакытта барып интервью берип жүргөн, эми бийликке келгенден кийин жаптырам дегени туура эмес".
Дастан Бекешев: "Мен каршымын. ЖМКларды жабуу туура эмес. Бүгүн Азаттык жабылса, эртең силер дагы кайсы бир материалды чыгарарда ойлоно баштайсыңар. Менимче, Азаттыктай ЖМКлар саналуу эле. Ансыз деле эскертүү берди, эки айга бөгөттөдү, ошону менен эле токтотсо болот эле. "ЖМКларды жаап салууга болот" деп бир да мыйзамда жазылган эмес".
Шайлообек Атазов: "Кыргызстанда ЖМКлар ээн-эркин иш алып барат. Биз сөз эркиндигин чектебешибиз керек. Мамлекеттик эмес, эркин медиалардын ишинен тоскоолдук кылуу туура эмес деп эсептейм. Ошол эле учурда адамдын, жетекчилердин абийирине шек келтире турган нерселерди алып чыкса, туура эмес деп эсептейм. Айрыкча, өлкө башчылардын статусун сыйлоо керек деген ойдомун".
Кундузбек Сулайманов: "Эми туура эмес иштерди кылып, жалган маалымат таратып жатса, эмне кылыш керек аларды? Министрлик укук коргоо органдарына кайрылган болсо, алар чечим кабыл алат да".
Мирлан Самыйкожо: "Азаттык медианы" жабуу аракетине анчалык деле тынчсызданбай эле коюш керек. Азаттык бүгүн жабылса, эртең ачылат. ЖМКларга карата кысым буга чейин деле болуп келген. Бирок ошол медиалар кайра иштеп, ишмердүүлүгүн арттырып келатат. Биздин элдин табияты дагы акыйкатты, азаттыкты сүйөт".
Толугу менен SUPER.KG порталынын ютуб каналынан көрсөңүз болот.
?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>