Ошто 50 жыл мурда жаштар калтырган мезгил капсуласы ачылды (фото)

Бүгүн, 26-январда Ош шаарында 1972-жылдын жаштары азыркы замандын жаштарына кайрылуу жасаган мезгил капсуласы ачылды. Бул тууралуу калаа бийлигинен кабарлашты.

Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, мэриянын Жаштар иштери боюнча комитетинин кызматкерлери, 1972-жылы капсула салууга катышкандар, жаштар, шаардын активисттери катышты.

Анын алкагында 50 жыл мурун капсула коюунун күбөсү, Ош шаарынын тургуну Ольга Корчагина 1972-жылдагы жаштардын кайрылуусун бардык катышуучуларга окуп берди.

"Коомубуздун биримдигин көздүн карегиндей ар дайым коргоп, көп улуттуу өлкөбүздүн элдеринин достугун чыңдай бергиле. Ата Мекенди коргоп, элдин бактысы үчүн бүт күчүңөрдү, керек болсо өмүрүңөрдү да берүүгө дайым даяр болгула. Маданий деңгээлиңерди, дүйнө таанымыңарды тынымсыз жогорулаткыла, көз карашыңарды кеңейтип, билим алуудан талбагыла", - деп жазылган катта.

Ага улай Жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы Жаныш Жусупбеков келечекке жаңы катты 2073-жылдын жаштарына жазылган кайрылууну окуп берди. Аны да 50 жылдан кийин ачуу пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
souza.j
2023-01-27 02:25:00
Ош шары болуп калганбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан