Талас районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Бүгүн, 26-январда Талас районунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул туурасында ӨКМнын маалыматында жазылат.

Белгилүү болгондой, буга райондогу Көпүрө-Базар айылынан агып өткөн Кара-Кол дарыясына муз тоңуп, жээкке жакын жайгашкан үйлөрдү, короо-жайларды каптоо коркунучу жаралганы себеп болгон.

"Кырдаалды жөнгө салуу жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында Талас районунун аймагында райондук деңгээлдеги "Өзгөчө кырдаалдар" режимин аким Нургазы Нармырзаев жарыялады.

Учурда №36 жол тазалоо ишканасынан 10 жумушчу, 2 техника, Талас району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Э.Курманбаев жетектеген 6 кызматкер жана 1 АСМ тартылган", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

Ошондой эле “Кызыл ай” коомунун Талас облусундагы өкүлчүлүгү колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, муз тазалап иштеп жаткандарга 3 күндүк ысык тамагын уюштурууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан