Өзбекстандын президенти "Ата-Бейит" комплексине барды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Кыргыз өлкөсүнө жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды.

Министрлер кабинетинен кабарлашкандай, ал 1916-жылы каргашалуу окуялардын натыйжасында каза болгондордун эстелигине гүлчамбар койду. Иш-чарада өзбек лидерин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров коштоп жүрдү.

Белгилек кетсек, бүгүн, 26-январда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Кыргызстанга эки күндүк мамлекеттик сапар менен келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан